"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасы "НоваВинд Кыргызстан" компаниясы менен келишим түзүп, Баткен жана Ысык-Көл облустарына шамалдан электр энергиясын алуучу станцияларды курууну макулдашты. Бул станциялардын кубаттуулугу 100 МВттан кем эмес болот.
Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, макулдашуу Кыргызстан-Орусия ишканаларынын 11-октябрда Жалал-Абад облусунда өткөн аймактар аралык конференциясында түзүлгөн.
Ага ылайык, "НоваВинд Кыргызстан" өндүргөн электр энергиясын "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" сатып алып, станцияларда өндүрүлгөн электр энергиянын бардык көлөмүн ишкананын техникалык мүмкүнчүлүгүнө жараша төлөп берет.
Келишимде электр энергиясын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамдын негизинде сатуу шарттары аныкталган.
Кыргызстан-Орусия аймактар аралык конференциясында Энергетика министрлиги 300 МВттан кем эмес күндөн энергия алуучу станцияларды куруу жана колдонуу боюнча "Юнигрин Энержи" жана "Бишкек Солар" ишканалары менен да келишим түзүлгөн. Долбоорго салынуучу инвестициянын суммасы 250-300 млн доллардын айланасында болот.
Кыргызстанда электр энергиясы негизинен суудан алынат. Сууга альтернативдүү түрдө шамалдан жана күндөн энергия алуучу станцияларды куруп, ишке киргизүү буга чейин да сунушталып келген.
Кыргызстанда 2021-жылы 15,1 млрд. кВт/саат электр тогу чыгарылса, кайра 16,3 млрд кВт/саат керектелди. 2022-жылы болгону 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, ошол эле маалда керектөө 15,9 млрд кВт/саат көлөмдү түздү. Электр энергиясынын тартыштыгынан улам суудан башка булактардан энергия алуу демилгеси буга чейин да көтөрүлүп келген.(ZKo)