Эл аралык Олимпиада комитети өз хартиясына адам укуктары принцибин кошту. Олимп кыймылын жана спорт түрлөрүн тескеген негизги документтин биринчи беренесинде адам укуктарын урматтоо маанилүү экени айтылат.
Олимпиадаларга катышуу тууралуу бөлүккө спортчуга жарандык укуктарды жана эркиндиктерди колдоо акцияларына катышууга уруксат берген түзөтүү киргизилди. Мурда андай аракеттер үчүн 2 жылга чейин дисквалификация каралган.
Бул демилге орусиялык жана беларсутук ателеттердин Украинадагы согушка байланыштуу оюндардан четтетилген учурда ишке ашып отурат.
Эки өлкөнүн спортчулары нейтралдуу желектин астында, спорттун индивидуалдык түрлөрүндө, катаң шарттарды аткарганда гана катыша алат.
Ошол эле маалда 15-октябрда Эл аралык комитет айрым өкмөттөрдүн Орусия жана Беларус жарандарына Олимпиадага катышууну толук тыюу салуу чакырыктарын айыптарын белгиледи.
2022-жылкы кышкы Олимпиада Бээжинде, Орусия Украинага кол салардын алдында өткөрүлгөн. Кытай адам укуктары жаатындагы бардык дүйнөлүк рейтингдерде ылдыйкы саптарга жайгаштырылган.