Орусия Украинага ракета менен дрондордон сокку урду

Орус аскерлери дүйшөмбүгө караган түнү Украинага ракеталар менен дрондордон сокку урушту. Жергиликтүү бийликтер Днепропетровск, Хмельницкий, Кировоград жана Полтава облустарында жарылуулардын добушу угулганын билдиришти. Азырынча төрт кишинин жарадар болгону белгилүү.

Украин куралдуу күчтөрүнүн аба аскерлери тактагандай, түн ичинде каршы тарап бир нече багыттан пилотсуз учактар, баллистикалык жана башкарылган авиациялык ракеталар менен чабуул койду. Маалыматка караганда, Х-59 деген эки ракета жана 11 "Shahed-136/131 дрондору жок кылынды.

Буга чейин сентбярда орусиялык армия Украинага рекорддук сандагы «Шахед» дрондорунан сокку урганы кабарланган. Бардыгы болуп өлкө аймагына 503 пилотсуз учак учурулган. Украиналык Defense Express маалымат компаниясы дрондор менен 19 күн сокку урулганын билдирген.

Украинага Орусия басып кирип, согуш ачканына 600 күн болду. Ушул тапта украин армиясы тарттырып ийген жерлерин бошотуу операциясын улантууда.