Кыргызстанда медицина тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири адистердин жетишсиздиги болуп жатканы бүгүн 16-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат бөлүмүндө бюджет маселеси талкууланып жатканда айтылды.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, азыркы тапта 1700 дарыгер жетишсиз болууда:
“Бул абдан чоң проблема. Бизде азыр 1700 дарыгер жетишпей жатат. Ошол боюнча чоң иштерди жүргүзүп жатабыз – интернатура киргизип, клиникалык ординатурада экинчи жылдагылардын баарын аймактарга жөнөтүп”.
Депутат Аида Исатбек кызы Тогуз-Торо районундагы абалды мисал келтирип, бул алыскы тоолуу аймакта дарыгер жетишсиздиги эң чоң көйгөйдүн бирине айланганын, бир да реаниматолог-анестезиолог жок экенин айтты.
Министр Бейшеналиевдин айтымында, мындай көйгөй башка облустарда да бар, андыктан реаниматолог-анестезиолог адистер аймактарга вахта ыкмасы менен иштеп келүү үчүн Бишкектен, Оштон, Жалал-Абаддан жөнөтүлүп турмай болду.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген жогорку билимдүү медициналык адистердин жалпы саны 13 миңдин тегерегинде. (RK)