Байден ХАМАС радикал уюму толугу менен жок кылынышы керек деп билдирди

АКШ президенти Жо Байден. Вашингтон, 7-октябрь 2023-жыл

АКШ президенти Жо Байден палестиналык радикал ХАМАС уюму түп тамыры менен жок кылынышы керек деп билдирди. CBS телекомпаниясына берген интервьюда Байден Израилдин Газанын оккупациясы чоң ката болорун, палестин мамлекетин түзүү жолдорун издөө зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Иранга жана “Хезболла” радикал тобуна жаңжалга кийлигишпөөнү эскертти.

Мунун алдында Тегеран Газа тилкесин аткылоо улана берсе, Израил менен ХАМАСтын согушуна аралашуу даярдыгын билдирген.

Ал арада Израил Газадагы жоочуларды жок кылуу үчүн жерде операция баштоого кам көрүүдө. Карапайым тургундарга түштүк тарапка, Египет менен чек арага жакын жерлерге көчүү көрсөтмөсү берилген.

Жөөт армиясынын баамында, Газанын түндүгүнөн жарым миллиондой киши чыгып кетти.

Жекшембиде Израил тилкенин түштүгүнө суу берүүнү жандантты. Ошол эле күнү кечинде БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгы Газадагы ооруканаларда генераторлордо суюк отун 24 саатка гана жетиштүү экенин билдирген.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги Израил армиясынын жооп иретинде урган соккуларынан 2 миң 450 киши өлгөнүн кабарлады.

Ал эми Израил өкмөтү маалымдагандай, ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусу 1 миң 400 кишинин өмүрүн алды. Жоочулар 155 кишини барымтада кармап турушат.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш ХАМАСты алардын бардыгын шартсыз кое берүүгө үндөп, израилдиктерди Газага гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоого чакырды.