Садыр Жапаров өлкөдө "кримдүйнө" деген болбошу керектигин айтты

Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Өнүккөн өлкө болууну каалаган мамлекетте криминалдык чөйрө деген болбошу керек экенин бүгүн 16-октябрда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирди. Криминалдын коомчулуктун жана мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө таасири тууралуу суроого жооп берип жатып президент өнүккөн өлкөлөрдө кримдүйнө деген түшүнүк жок экенин айтты:

“Ошол үчүн өнүгүп жатышат. Албетте криминалдык чөйрө мамлекеттин эле эмес, жарандардын, инвесторлордун да ишмердигине терс таасир этет. Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр эшикте 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Кимдир бирөөнү бирөө каракчылык кылса сөзсүз түрдө күч органдарына кайрылыш керек. Биз тез убакытта өнүккөн мамлекетти курушубуз керек. Ансыз деле алыс барбай эле коелу, кошуна мамлекеттерден бир канча жылга артта калып кетиптирбиз”.

4-октябрда УКМК Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Мекеменин 10-октябрдагы маалыматына караганда, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалган.

9-октябрда УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. (RK)