Түрк мамлекеттер уюмунун маалымат боюнча жыйыны өтүүдө

Түрк мамлекеттер уюмунун туулары.

Бүгүн 16-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттары жана маалымат үчүн жооптуу министрлеринин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жыйында өз ара кызматташтык маселелери талкууланат.

Күн тартибинде “GPT чаттын мисалында жасалма интеллекттин артыкчылары жана кемчиликтери”, “Гибриддик согушатр XXI кылымдын коопсуздук коркунучу катары” деген маселелер да бар.

Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилеси менен Анкарада Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттери уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келе жатат. (RK)