Азербайжандын президенти Илхам Алиев жикчил Тоолуу Карабак аймагынын борборунда азери туусун көтөрдү. Салтананттуу иш-чара азербайжандыктар Ханкенди, этностук армяндар Степанакерт деп атаган шаарда 15-октябрда болду.
Соңку жыйырма жылдан бери бийликте отурган Алиев Баку сентябрь айында өз көзөмөлүнө алган аймакка биринчи жолу барды.
Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген. Негизинен этностук армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Еревандын колдоосу менен Азербайжандын курамынан чыгып, 1991-жылы өз алдынча «Тоолуу Карабак Республикасы» деген жикчил түзүмдү негиздеп алган.
Андан бери тараптар ортосундагы куралдуу кагылышуулар миңдеген кишинин өмүрүн алды.
2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришти.
Эл аралык коомчулук тааныбаган "Тоолуу Карабак республикасынын" лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгон.
Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кетти.
Дагы караңыз
Польшада парламенттик шайлоо өтүп жататСузакта 96 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулду Кыргызстанда жашоо минимуму 7 756 сом деп эсептелди