Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында "Үмүт" деп аталган социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Долбоор облустук бийлик жана "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин колдоосу менен ишке ашырылды.
Шаарча курууга 3 гектар жер аянты берилген. Анда турак жайлардан тышкары тигүү цехи, фельшердик-акушердик пункту (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчалары курулган.
Шаарчадагы 96 үй көп балалуу жалгыз бой энелерге, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, жашоо-шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлгөн.
Буга чейин Жалал-Абад шаарында бахрейндик демөөрчүлөр социалдык шаарча куруп, 24 үй-бүлөгө берилген.(TB)
Дагы караңыз
Жакынкы Чыгыш: Иран согушка кийлигишүүгө даяр экенин билдирди Орусиянын бийлиги 27 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиЖалал-Абад: окуучу экинчи кабаттан секирген окуянын чоо-жайы иликтенип жатат"Карылыкты чыгыш акылмандарындай өткөрүш керек"Иранда белгилүү режиссер жана анын аялы киши колдуу болду