Ошто өспүрүм милициянын машинасынан секирип чыгууга мажбур болгону кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто милициянын зомбулугуна кабылган өспүрүм жүрүп бараткан машинадан секирип чыгууга мажбур болгонун “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, учурда тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатат, юристтер кыйноо фактысына байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жергиликтүү башкармалыгына арыз жазууга жардам беришти.

Окуя 16-сентябрда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгону, 17 жаштагы өспүрүмдүн апасы “Бир дүйнө Кыргызстанга” кайрылып, жардам сураганы, ал уулун милиционерлер кыйнап, уурулукту моюнуна алдырууга аракет кылышканын айтып бергени маалымдалды.

“Кылмыш кылды деген көрсөтмө алыш үчүн милиция кызматкерлери өспүрүмдү сабап, коркутуп-үркүтүп, мазакташкан. Күчтөп машинага отургузуп, шаарды көздөй айдашкан. Анда да союл менен бутуңду сындырабыз деп коркутушкан. Айласы кеткен бала жүрүп бараткан машинанын эшигин ачып жиберип, кулап түшкөн. Аны тээп, кайра машинага отургузуп, айылга алып барышкан”, - деп айтылды уюмдун маалыматында.

“Азаттык” бул боюнча толук маалымат алыш үчүн милиция органына кайрылды, азырынча комментарий боло элек.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун маалыматына караганда, соңку бир жылда жабык жайда кыйноого кабылганын айткандардын арызы боюнча көз каранды эмес териштирүү жүргүзүү тууралуу өтүнүчтөрдүн 84% каралбай калган. Ошону менен катар, борбор билдиргендей, соңку беш жылда кыйноого кабылганын айтып кайрылгандар 1,5 эсе азайды – 2018-жылы бул көрсөткүч 34,2% болсо, 2022-жылы 20,6% болгон.

Кыргызстанда кыйноого кабылгандардын көбү милициядан запкы жегенин айтса, калганы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн колунан азап чеккенин билдирген. Укук коргоочулар балдар үйлөрү менен интернаттарда, карылар үйлөрүндө жана психиатриялык стационарларда да кыйноо фактылары бардыгын белгилешет. (RK)