Белгороддо дрондун сыныктары турак жайга кулаганда үч киши каза болду

Орусиянын Белгород шаарынын четинде дрондун сыныктары турак жайга кулаганда үч киши, арасында бир бала каза болду.

Дагы эки киши оор абалда реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу 12-октябрда Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков билдирди.

Анын айтымында, түн ичинде Абадан коргонуу системасы шаарды көздөй учуп келаткан дронду атып түшүрдү. Аппараттын сыныктары кулаганда эки үй дээрлик толугу менен кыйрап калды, бир нече турак жай менен автомашина зыян тартты. Кийинчерээк Гладков үйлөргө жабдыктын сыныктары эмес, дрон өзү кулаганын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги учкучсуз учак Украинаныкы болчу деп тактады.

РБК басылмасы санап чыккандай, Москва Украинага согуш ачкандан бери Орусиянын аймактарынын жетекчилери 500дөн ашуун жолу дрон чабуулдары, кыйроолор менен курмандыктар болгонун маалымдашкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар украин тараптан урулганын билдирип келет. Киев бул дооматтарды комментарийлебейт.

Дагы караңыз

Ошто өспүрүм милициянын машинасынан секирип чыгууга мажбур болгону кабарландыБишкекте Украинадагы согушту токтотуу талабы коюлган пикет өттү"БишкекВторРесурс" фирмасынын ээси Жапаровго жана Путинге кайрылды