Израил - ХАМАС: Согуштун курмандыктары 2000ден ашты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израил менен ХАМАС тобунун ортосундагы урушта набыт болгондордун саны 2000ден ашты. Алардын 1200ү Израилдин, 900дөн көбү Газа тилкесинин тургундары. Эл аралык басылмалардын эсебинде жарадарлардын жалпы саны 10 миңге жакындап баратат. Жүздөн ашуун адам ХАМАСтын туткунунда турат.