Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапарын утурлай, Жалал-Абад шаарында эки өлкөнүн аймактар аралык X жыйыны уюштурулду. Жыйындын ачылышында эки өлкөнүн лидерлери онлайн катышып, сөз сүйлөштү.
Путин Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүдө Орусиянын да салымы бар экенин белгиледи. Анын бири катары Орусия куруп жаткан орто мектептерди, анда иштөөгө жиберилип жаткан мугалимдерди, Ош шаарында курулушу айтылып жаткан М. Ломоносов атындагы университеттин филиалын мисал келтирди.
Владимир Путин сөзүндө Жалал-Абад шаарын Кыргызстандын индустриалдык борбору деп атады.
Кыргыз президенти Садыр Жапаров Кыргызстан орусиялык ишкерлер үчүн ишенимдүү өнөктөш боло аларын айтып, кызматташууну сунуштады. Кыргызстан менен Орусиянын аймактары энергетика, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба, кен байлыктар, өнөр жай жана туризм тармагында кызматташса болорун белгиледи.
Жапаров 11-октябрь күнү эки өлкөнүн аймактарынын ынтымагына арналган "Достук" паркынын курулушуна капсула салынышы - Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык кызматташтыгы жана өнөктөштүктүн ачык мисалы деп сыпаттады.
Орус президенти Путин Кыргызстанга 12-октябрда расмий сапар менен келет. Сапар учурунда ал Канттагы Орусиянын авиабазасына жана Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барат.
13-октябрь күнү Бишкекте өтүүчү КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынат. Путиндин сапары алкагында эки өлкө ортосундагы актуалдуу маселелер жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү талкууланарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген.
КМШ уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.(ZKo)
Дагы караңыз
Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминов кармалдыМатраимов менен Көлбаевди байланыштырган жагдайлар Украина орус авиациясынын чабуулуна туш болду“Аялын уруп жүрүп акыры өлтүргөндөр бар”. Дарыгерлер күбө болгон зомбулук