"Теңчилик үчүн коалиция" "чет элдик өкүл" мыйзамынын кесепети ар бир жаранга тиерин эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.

Бир катар укук коргоо уюмдарын бириктирген “Теңчилик үчүн коалиция” бирикмеси “чет элдик өкүл” мыйзамы боюнча билдирүү таратып, анын кесепети Кыргызстандын ар бир жаранына тиерин эскертти.

11-октябрда жарыяланган билдирүүдө депутаттардын аталган сунушу кыргыз жарандарынын Конституцияда жана эл аралык милдеттенмелерде кепилденген фундаменталдык укуктары менен эркиндиктерин бузары, өлкөнүн укук коргоо секторун таптакыр жок кылары белгиленди.

«Оюн эркин билдирүүнү, эркин чогулууну жана тынч жыйындарды өткөрүүнү, жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусун, коомдук көзөмөлдү кепилдеген демократиялык институттар таптакыр жок болот деген реалдуу коркунуч бар”, - деген коалиция парламентти мыйзам долбоорун тез арада артка чакыртып алууга чакырды.

“Теңчилик үчүн коалиция” бирикмеси 2013-жылы түзүлгөн.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды – Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханджеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Жамила Исаева жана Арсланбек Малиев.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Нарматова Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары бул демилгени бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

Нарматова өзү "Бул мыйзамдын эч кимге зыяны жок. Ал мамлекетте тартип, көзөмөл болсун деген максатта жазылган. Кандай гана бейөкмөт уюм болбосун мамлекетке отчет берсин, ачык-айкындык болсун деген эле максат. Эч кимге тыюу салган жери жок. Эл аралык же бейөкмөт уюм болобу, каалагандай иштей берсин. Салыгын төгүп, Социалдык фондго акчасын төлөсүн да каржылык отчет беришсин” деп айткан.

Мыйзам долбоору парламенттин эки комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан. (RK)