Улуттук банк эл аралык санкцияларды сактоо маселелери боюнча коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен кезектеги жолугушууну өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.
Башкы каржы көзөмөл органынын адистери электрондук компоненттер, өткөргүчтөр, жарым өткөргүчтөр, электрондук интегралдык схемалар сыяктуу аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон каражаттар боюнча Улуу Британиянын санкциялык товарларынын жаңы тизмеси жөнүндө коммерциялык банктардын өкүлдөрүнө маалымат берди.
Улуттук банктын жетекчилиги ушул тизмедеги жана башка эл аралык санкциялык тизмелерге кирген товарлар жана тараптар менен операцияларды жүргүзүүгө жол бербөө боюнча ички көзөмөлдү жана чараларды күчөтүүгө чакырды.
Мекеменин өкүлдөрү ошондой эле учурдагы экономикалык жана геосаясий кырдаалды эске алуу менен эл аралык санкцияларды бекем сактоо зарылдыгын коммерциялык банктарга эскертти. Мындан сырткары 4-октябрдагы жолугушууда кардарларды тейлөөгө байланыштуу коммерциялык банктардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланды.
2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин Батыш Москвага санкцияларды күчөткөн. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү айрым компаниялар Москвага чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жол ачып жатканы маалым. АКШ жана Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга бир нече жолу келип, бул аракеттин кесепетин түшүндүрүүгө аракет кылган.
Август айында АКШнын Сенатыные Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылган. Ал Бишкекти Москванын Батыш салган санкциядан буйтап өтүшүнө жардамдашпоого чакырган.
Сенатор Боб Менендес өз катында Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда импорттук-экспорттук операциялар болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн белгилеген. Анда коргонуу багытындагы, анын ичинен дрон, учактын жана курал-жарактын тетиктери, ошондой эле микросхемалар өңдүү тыюу салынган товарды Орусияга мыйзамсыз импорттоо жагынан Кыргызстан ага шерик болуп жатканын эскерткен.
Президент Жапаров АКШ сенаторуна жооп берип, Кыргызстан Орусияга Батыш санкцияларын кыйгап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн билдирген. Ал "Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес экенин, алар өздөрүнүн чек арасы аркылуу соодасын жүргүзө берерин" белгилеген.
АКШнын Каржы министрлиги июнь айында Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии” компанияларын, андан тышкары “Прогресс лидер”, “Карголайн” деп аталган дагы эки фирманы санкциялык тизмеге киргизген. Ага чейин “Тро, Я” деп аталган дагы бир кыргыз ишканасы "кара тизмеге" илинген. Аталган мекеменин маалыматында, "кара тизмеге" илинген компаниялар ташыган айрым жабдуулар орус армиясынын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган. (ErN)
Дагы караңыз
Израилдин ХАМАС менен согушу. Эмнени билүү керек?Москва, Ташкент, Астана: "Газ биримдиги" саясий куралбы?Ооганстанда зилзаладан улам миңдеген киши үй-жайсыз калдыКөлбаевдин миллиард долларлык байлыгы, "кылмыштуу империясы"