Бишкекте Дельфи оюндары өтүп жатат

Бишкекте өтүп жаткан Дельфи оюндары.

Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин таланттуу жаштарынын XVII Дельфи оюндары өтүп жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, искусствонун бир канча түрү боюнча өтүп жаткан сынактарга КМШ өлкөлөрүнөн жалпы 600гө жакын жаш өнөрпоздор катышууда.

8-октябрда Дельфи оюндарынын алкагында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында скрипка багыты жана эстрада багыты боюнча сынактардын I туру өттү.

Ушул эле күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында жеке элдик ырдоо боюнча, Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде көркөм кол өнөрчүлүк жана сүрөт өнөрү боюнча, Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында үйлөмө аспаптар багыты боюнча сынактардын I турлары жыйынтыкталды.

Бишкекте өтүп жаткан Дельфи оюндары.

Мындан сырткары Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында элдик бий, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында элдик аспаптар багыты боюнча уюштурулган сынактардын да I турлары өттү.

Сынактарга Кыргызстан, Орусия, Белорусия, Түркмөнстандын 14 жаштан 21 жашка чейинки улан-кыздары катышып жатат. Калыстар тобу КМШ өлкөлөрүнүн отуздан ашык искусство ишмерлеринен курамынан түзүлгөн.

Дельфи оюндарынын II туру бүгүн 9-октябрда өтүп, жыйынтыгы чыгарылат. Лауреаттар алтын, күмүш жана коло медалдар менен сыйланат.

Улуттук филармонияда 7-октябрда расмий түрдө ачылган Дельфи оюндары 10-октябрга чейин өтөт.

Дельфи оюндары – классикалык, элдик жана заманбап искусствонун бардык өнөр түрүн өзүнө камтыган таланттардын таймашы. (MZh)