Экономика боюнча Нобел сыйлыгын америкалык илимпоз алды

Америкалык экономист Клаудия Голдин.

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы быйыл америкалык экономист, илимпоз Клаудия Голдинге эмгек базарындагы аялдардын ролун иликтегени үчүн ыйгарылды. Бул тууралуу 9-октябрда Швециянын падышалык илимдер академиясы жарыялады.

«Анын иликтөөлөрү бул ролдун өзгөрүүсүнүн себептерин ачып, гендердик теңчиликтеги негизги тоскоолдуктарды көрсөтөт», - деп жазылат анда.

Голдин быйыл жогорку сыйлыкка татыган 93 лауреаттын ичинен үчүнчү аял.

Ушуну менен Нобел жумалыгы аяктайт.

Экономика боюнча Нобел сыйлыгын Швециянын банкы 1968-жылы негиздеген. Анткени аны Альфред Нобел өз мурасына киргизген эмес.

Лауреатты Швециянын падышалык илимдер академиясы аныктайт.

Дагы караңыз

Бишкекти КМШ саммитине даярдоо үчүн 500 млн сом жумшалдыИзраил бийлиги ХАМАС кирип барган шаарларга көзөмөл орнотконун билдирдиТИМ: Орус-казак чек арасында калган жарандар Кыргызстанга жеткирилет