ТИМ: Орус-казак чек арасында калган жарандар Кыргызстанга жеткирилет

Орал шаарындагы автобекет. Иллюстрация.

Казакстандын Орал шаарында калган кыргызстандык жарандар казак бийлиги уюштурган автонуаалар менен Чымкент шаарына жеткирилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, аларды Чымкенттен Кыргызстанга жеткирүү милдети Алматыдагы Башкы консулдукка жүктөлүп, кызматкерлер аталган шаарга жөнөп кетишти.

Социалдык тармактарда Орусияда иштеген он чакты кыргызстандык жаран паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчун Казакстанга кирип, кайра чыккан соң Орусияга кире албай, орус-казак чек арасында ачка, акчасыз калганы тууралуу маалымат тараган. Алардын бири Орал шаарында казак аскерлери документтерин алып, 7 миң рублдан акча талап кылганын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт.

Былтыр сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жериндеги миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирген. Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстанга кирип чыгышат.

Былтыр алардын айрымдары жол кырсыгына кабылып, 14 кыргыз жараны мерт болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Чүй: Мургабдык кыргыздардын турмушуБаткенде мобилдик клиника кыз-келиндердин саламаттыгын текшерүүдөОрусияда адвокат Илья Новиковго кылмыш иши козголдуКыргызстан Израил менен Палестинаны ынтымакка чакырдыОоганстанда зилзаладан набыт болгондор 2400гө жетти