Ооганстанда зилзаладан набыт болгондор 2400гө жетти

Ооганстанда зилзалада набыт болгон миңдеген адамдардын сөөктөрүн жерге берүүгө даярданып жатышат. 8-октябрь, 2023-жыл. Герат провинциясы.

Ооганстандын башында турган "Талибан" өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Мулла Жанан Саик билдиргендей, 7-октябрдагы жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 2400гө жетти. Он миңден ашуун киши жаракат алып, эки миңден көп турак жай талкаланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын өкүлү Вахид Амани "Эркин Европа/Азаттык радиосунун ооган кызматына билдиргендей, уюмдун өкүлдөрү учурда зилзаладан жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам жеткирүүнүн аракетин көрүп жатышат.

"Биз 20 миңдей адам азык-түлүк жеткирип берүүгө даярбыз",- деди Амани.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү табият кырсыгынан жабыркагандарга жардам берип жатышат. Уюмдун маалыматына караганда, жабыркагандар 11 миңден ашты.

Азырынча бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Зилзаланын очогу Герат провинциясынын 40 чакырым алыста жайгашкан. Аталган провинция Иран менен чектешет, аймакта 1,9 млн киши жашайт.

Дагы караңыз

Киев Донецкиде "жарым-жартылай ийгиликке жетишкенин" билдирдиHRW: Тажикстанда оппозициялык активисттердин туугандары сурак бердиМосквада алтынчы кабаттан кулаган кыргызстандык Бишкекке жеткирилди