ИИМ: Путин КМШ саммитинен тышкары Кантка жана "Ата-Бейитке" да барат

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстан сапарына жана Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү Бишкекте жана Чүй облусунун айрым аймактарында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жолдор убактылуу жабылып турат. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Министрликтин Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Манас Сыдыгалиевдин айтымында, Путин Канттагы авиабазага жана Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине да барат:

“Жолдор “Манас” аэропортунан “Ала-Арча” резиденциясына чейин улам жабылып турат. Мындан тышкары, өзүңүздөр билгендей, Орусиянын президенти Владимир Путин Канттагы авиабазага барат. Бул иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Жол боюна машина коюуга болбойт. Андай учурда машиналар эвакуацияланат. Владимир Путин “Ата-Бейитке” да барат, ошондуктан ал жакка барчу жол да убактылуу жабылып турат”.

Сыдыгалиев жалпысынан милициянын 620дан ашуун жол коопсуздугу кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштей турганын кошумчалады.

Саммит күндөрү жалпысынан 4 миңден ашуун милиционер күчөтүлгөн тартипте иштей турганын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Исаков Канат маалымдалды.

13-октябрда Бишкекте КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бир күн мурда Кыргызстанга расмий сапар менен Орусиянын президенти Владимир Путин келет.

КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынат. Путиндин сапары алкагында эки өлкө ортосундагы актуалдуу маселелер жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү талкууланарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген.

КМШ уюмуна бүгүнкү күндө Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет. (RK)