Киев Донецкиде "жарым-жартылай ийгиликке жетишкенин" билдирди

Бахмуттун айланасында чалгын операциясын жүргүзүп жаткан аскер. 7-сентябрь, 2023-жыл.

Киев украин армиясы Донецк облусундагы кармаштарда "жарым-жартылай ийгиликке жетишкенин" билдирди.

"Клещеевка жана Андреевка айылдарынын айланасында жарым-жартылай ийгилик болду", - деп жазылган 9-октябрдын таңында украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тараткан билдирүүдө.

Контрчабуул башталгандан бери украин күчтөрү Бахмуттун тегерегинен орус күчтөрүн сүрүп чыкканга аракет кылып келишет. Аталган калааны орус армиясы бир нече айга созулган айыгышкан кармаштан кийин ээлеп алган эле.

Жалпысынан соңку бир суткада фронтто 37 кагылышуу катталды.

Ал арада облустук администрациялардын жетекчилери соңку бир суткада орус армиясынын аткылоосунан кеминде 16 жайкын тургун мүрт кеткенин кабарлашты.

8-октябрда Херсон облусуна жасалган орус күчтөрүнүн соккусунан ондогон карапайым киши жаракат алды. Алардын арасында 27 жаштагы аял жана анын тогуз айлык наристе бар. Бул тууралуу аймактын губернатору Александр Прокудин Телеграмга жазды.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Москвада алтынчы кабаттан кулаган кыргызстандык Бишкекке жеткирилдиУКМК: Көлбаев боюнча 40тан ашык киши кармалды, 1 млрд долларлык актив камакка алындыЧикаго марафонунда дүйнөлүк жаңы рекорд коюлду