УКМК: Көлбаев боюнча 40тан ашык киши кармалды, 1 млрд долларлык актив камакка алынды

Камчы Көлбаев. Архивдик сүрөт.

Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын 9-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеме 2008-жылдан бери Көлбаев “криминалдык империя” түзүп келгенин, кармалган адамдар анын жетекчилиги менен опузалоо жана рейдерлик аркылуу мүлк жана активдерди мыйзамдаштырып, башка да кылмыштарды жасап келишкенин, мыйзамсыз баюу жана саясатка кийлигишүү болгонун, ал таза иштеген ишкерлердин эсебинен өзүнө караштуу бизнес-структураларды түзүп жүргөнүн маалымдады.

УКМК билдиргендей, Көлбаевдин жана анын туугандарынын, жакындарынын мыйзамсыз активдеринин катарында 850 кыймылсыз мүлк бар – өзгөчөлөнгөн кымбат үйлөр (особняк), коттеждер, кымбат баалуу клубдук үйлөр, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык люкс автоунаа, зер буюмдар жана башкалар.

Атайын кызмат мамлекеттин жана ишкерлердин менчигинен мыйзамсыз чыгарылып кеткен мүлктү ээлерине кайтарып берүү иши жүргүзүлөрүн, алардын бири курулуп жаткан 700 батирлүү эки объект экенин кабарлады.

Алдын ала эсептөө боюнча Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен ээлик кылган активдеринин жалпы наркы 1 миллиард доллар деп бааланып жатканын билдирген УКМК бул алгачкы гана жыйынтык экенин, издөө иштери Кыргызстандан тышкары Орусия, Казакстан, Грузия, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери (Дубай) жана Жапонияда да улантыларын билдирди.

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Кийин интернетте өзүн Көлбаевдин жесири деп тааныштырган келиндин видеосу чыккан. Ал үй-бүлөсүнө таандык айрым объектилерге мөөр басып, жаап кетип жатышканын, бирок анын баары банктан алынган насыяга салынганын, тастыктоочу документтери бар экенин, чет жакта эч кандай банк эсептери жоктугун айткан. (RK)