Москвада алтынчы кабаттан кулаган кыргызстандык Бишкекке жеткирилди

Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын борбору Москва шаарында көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулаган кыргызстандык Мээрим Болотбек кызы 9-октябрда Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Окуя 14-сентябрда болгон, оор жаракат алган Болотбек кызы В.Демихов клиникалык ооруканасына жеткирилген. Кулап түшкөн себеби азырынча белгисиз.

Мээрим Болотбек кызы 14-29-сентябрда биринчи дарылануусун алып, ага шашылыш операция жасалган. Кийинки дарылоонун баасы 400 миң рублга жакындай турганы, бирок анын милдеттүү медициналык полиси жоктугу жана эмгек келишимин түзбөгөндүктөн социалдык төлөм жүргүзбөгөнү белгилүү болгон. Мээримди үйүнө кайтаруу маселеси чечилип жаткан маалда ал убактылуу “Умай Эне” кайрымдуулук борборуна жайгаштырылган.

Сүйлөшүүлөрдөн соң ага жана аны коштогон адамдарга учакка акысыз үч орунду “Аэрономад” авиакомпаниясы камсыз кылып, Бишкекке жеткирилди. Министрлик аны Бишкек аэропортунан тез жардам бригадасы менен тосуп алып, 4-шаардык ооруканага жайгаштырды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул кабар менен чогуу Орусияга жумушка барган кыргызстандыктарды бир айдын ичинде жашаган жери боюнча каттоодон өтүп, дактилоскопиялык жана медициналык кароодон өтүшү керектигин эскертти. Жумуш тапкан соң эмгек келишимин түзүп, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу керек. Мигрант пенсия алуусу үчүн иш берүүчү кызматкер үчүн социалдык төлөмдөрдү төлөөсү кажет. (ErN)