Газадагы кырдаал: Эки тараптан каза болгондор миңден ашты

Израил. 2023-жылдын 7-октябры.

Израилде соңку окуялардан улам каза тапкандар 9-октябрдын таңына карата 700дөн, жараат алгандар 2000ден ашты. Бул тууралуу Израил армиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Газа секторунда Израилдин жооп катары жасалган чабуулдарынан каза болгондор, палестин бийлигинин маалыматына караганда, 413кө жетти, жараат алгандар 2300 болду.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында каралды, бирок эч кандай чечим кабыл алынган жок.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 8-октябрга караган түнү ХАМАС тобунун аскердик жана өкмөттүк потенциалдын жок кылуу боюнча аскердик өнөктүк баштоого Коопсуздук кабинетинен макулдук алганын жарыялаган.

ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болгон. Ишемби күнү ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген.

Израилде соңку окуялардан улам кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат түшпөгөнүн Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) маалымдады.

Элчилик муну менен катар Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды. (RK)