Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узарды

Динара Кутманова.

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга, 9-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу 9-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-октябрда сотто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн Кутманованын камактагы мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчү каралып, канааттандырылды.

Динара Кутманова 25-июлда бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталып” кармалган.

Ал министр болуп 2021-жылдын октябрында дайындалып, кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынган.

20-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбайт деп эскерткен жана буга байланыштуу Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган. Кутманова Ташиевдин дооматтарын четке кагып, ал тууралуу бийлик жетекчилерине бир жактуу, туура эмес маалымат жеткирилип жатканын айткан.

Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директорун УКМК жемкорлукка байланыштуу быйыл июнь айында кармаган. (RK)

Дагы караңыз

Газа тилкеси: Эки тараптан набыт болгондор миңден аштыМосквада алтынчы кабаттан кулаган кыргызстандык Бишкекке жеткирилдиУКМК: Көлбаев боюнча 40тан ашык киши кармалды, 1 млрд долларлык актив камакка алынды