“Чет элдик өкүл” мыйзамы сөз эркиндиги жана саясий укуктар үчүн кооптуу экени белгиленди

“Жарандык платформа” коомдук фонду Жогорку Кеңеште каралып жаткан “чет элдик өкүл” мыйзамы азыркыдай редакцияда кабыл алынса жарандардын конституциялык укугун бузарын билдирди. Уюм аталган мыйзам долбоорун талдап чыгып, ал сөз эркиндиги, жарандык жана саясий укуктар үчүн күрөшкөн бейөкмөт уюмдарга каршы багытталганын 5-октябрдагы билдирүүсүндө белгиледи.

Билдирүүдө өкмөттүк эмес уюмдарга “чет өлкөдөн, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдан, адамдан каржыланган” жана “саясий ишмердүүлүк менен алектенген” деген эки критерийдин негизинде “чет элдик өкүл” макамын ыйгарууну көздөгөн бул мыйзам ар бир адамдын өз пикирине ээ болууга, калыптандырууга болгон абсолюттук укугуна карама-каршы келери айтылды. Мыйзамды же эрежени бузду деген негизде бейөкмөт уюмдарды кылмыш жообуна тартып, айыппул салып же анда иштегендерди 5 же 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралып жатканы кабарланды.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 3-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде биринчи окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды – Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханджеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Жамила Исаева жана Арсланбек Малиев.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Негизги автор депутат Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет:

"Бул мыйзамдын эч кимге зыяны жок. Ал мамлекетте тартип, көзөмөл болсун деген максатта жазылган. Кандай гана бейөкмөт уюм болбосун мамлекетке отчет берсин, ачык-айкындык болсун деген эле максат. Эч кимге тыюу салган жери жок. Эл аралык же бейөкмөт уюм болобу, каалагандай иштей берсин. Салыгын төгүп, Социалдык фондго акчасын төлөсүн да каржылык отчет беришсин”.

Бейөкмөт уюмдар мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын бардык талаптарын аткарып, ачык иштеп келишерин, отчеттун бардык түрүн убагында тапшырып турушарын, башынан эле ошондой экенин айтууда. (RK)