Москвада учкучсуз учак атып түшүрүлгөнү кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

7-октябрдын таңында Москва облусунда учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн Москванын мэри Сергей Собянин жана Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

"Истра шаар аймагында Москвага карай учуп келе жаткан дрон абадан жок кылынды", - деп жазды Собянин.

Орусиянын Коргоо министрлиги дронду "Украинанын чабуулу" деп белгилеп, жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин кабарлады.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийинки жылда бир нече жолу аткылоолорго туш болуп, курмандыктар жана кыйроолор катталган. Москва буга Киевди күнөөлөп келет. Киев адатта мындай маалыматтарга үн катпайт.

Орусия Украинага былтыр, 24-февралда согуш ачкан.

БУУнун маалыматына караганда бул аралыкта Украинада 9511 карапайым кишинин өмүрү кыйылып, жалпы 21 миңден ашуун жайкын тургун жапа чеккен.

Дагы караңыз

Орусияда бир жылда абакта отургандар 54 миң адамга азайдыАКШ Кытайдын 42 компаниясын "кара тизмеге" киргиздиДүйнөлүк банк кыргыз экономикасы быйыл 3,5% өсөт деп болжолдодуБУУнун атайын баяндамчылары кыргыз бийлигин «чет элдик өкүл» мыйзамын кабыл албоого чакырды Депутат Шаботоевдин өлүмү: кандуу жылдардын катылган сыры