АКШ Кытайдын 42 компаниясын "кара тизмеге" киргизди

АКШ Кытайдын ондогон компаниялары менен соода-сатык алакасын токтотту. Буга алардын тыюу салынганына карабай, Орусияга микросхемаларды сатканы себеп болгон.

АКШнын Соода министрлигинин мындай чечимин "Америка авазы" радиосу жарыялады. Министрлик 42 кытай компаниясын Орусиянын аскер-өндүрүш базасын колдогон жана Америкада чыгарылган микросхемалар менен орусиялык коргоо секторун жабдыганы үчүн экспорттук көзөмөл тизмесине киргизген.

Билдирүүдө бул микросхемалар Украинадагы жарандык объекттерге сокку уруп аткан ракеталар жана дрондордон табылганы үчүн Орусияга сатылбашы керектиги айтылган.

Москва жарандык объекттерге ракеталык чабуулдар жасалганы тууралуу маалыматтарды четке кагууда.

АКШнын экспорттук көзөмөл тизмесине Финляндия, Германия, Индия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Британиянын жети компаниясы Орусияга америкалык микросхемаларды сатып алуусуна көмөктөшкөнү үчүн киргизилген.

Буга чейин Кытай Орусия-Украина согушунда бейтараптыгын жарыялаганы менен, Москваны курал-жарак менен камсыздап келе жатканы айтылган. Бээжин бул маалыматтарды четке каккан.

Дагы караңыз

"Тажия учурунда ракета түштү". БУУ Харьковго урулган соккуну айыптадыМамдума өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарат“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылдыБУУнун атайын баяндамчылары кыргыз бийлигин «чет элдик өкүл» мыйзамын кабыл албоого чакырды Депутат Шаботоевдин өлүмү: кандуу жылдардын катылган сыры