Нобелдин Тынчтык сыйлыгы Ирандагы аялдардын укугу үчүн күрөшкө кошкон салымы үчүн, адам укуктарын коргоо аракети үчүн ирандык активист, учурда түрмөдө отурган Наргиз Мохаммадиге ыйгарылды.
Нобелдин комитети тараткан маалыматка ылайык, сыйлык ошондой эле "Ирандын теократиялык режиминин аялдарды басмырлоо саясатына каршы чыккан" жүз миңдеген ирандыктарга арналат.
Нобел комитети билдиргендей, Иран бийлиги Мохаммадини жалпысынан 13 жолу камаган. Ал ар кандай айыптар менен 31 жылга эркинен ажыратылып, 154 жолу балак урулган.
"Студент кезинде эле Мохаммади адам укуктарын коргоп, башкалардан айырмаланчу. 2001-жылы ал алгачкы жолу камалып, түрмөдөгүлөргө жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам бергени үчүн узак жылга кесилген", - деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.
2022-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгы беларустук укук коргоочу Алесь Беляцкий, орусиялык укук коргоочу "Мемориал" уюму жана Украинадагы укук коргоочу "Жарандык эркиндик борборуна" ыйгарылган.
Дагы караңыз
Германияда Алишер Усмановдун автоунаалары конфискацияландыЖК: маркумду узатуу иштерин тескеген мыйзам долбоорун карады АКШ элчиси С5+1 саммитиндеги чечимдердин негизинде кызматташуу уланарын билдирди