Кыргызстанда кызылча жуккан балдардын саны 2400дөн ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кызылча (корь) жуккан балдардын саны 2-октябрга карата 2469га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты чыңдоо республикалык борбору кабарлады. Август айында оору жугуп катталгандардын саны 1700 болчу.

Аталган борбордун маалыматына ылайык, 18-29-сентябрь күндөрү тогуз айдан жети жашка чейинки 440 343 бала эмдөөдөн өттү жана бул жараян уланып жатат. Өткөн айда Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келгенин билдирген.

Эки ай мурда кызылча оорусунан эки бала чарчап калганы, алар да эмдөөдөн өтпөгөндөр экени аныкталган.

Кызылча аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны бир жана алты жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына эки-үч миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган.

Дагы караңыз

Байдендин администрациясы Мексика менен чек арага дубал курууну улантатПутин: Пригожиндин учагында өлгөндөрдүн денесинен граната сыныгы чыктыУКМК: Таласта Көлбаевдин тобунун "Тайсон" аттуу мүчөсү кармалды "Жунда" заводун жаңылоо үчүн Кытайдан жумушчу топ келдиТашиев Кыргызстанда мындан ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтты