Байдендин администрациясы Мексика менен чек арага дубал курууну улантат

Жо Байден 2021-жылы кызматка киришкенден бери рекорддук сандагы иммигранттар АКШ-Мексика чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү тууралуу маалыматтар бар.

АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Мексика аркылуу агылган мыйзамсыз миграцияны азайтуу максатында түштүк Техаста 30 чакырымды түзгөн дубалды курууга макул болду. Байден шайлоо өнөктүгү маалында чек арага чеп курбоо тууралуу убада берген жана президенттик кызматка киришкенден баштап ага чейинки президент Дональд Трамп баштаган тосмо курууну токтотуп койгон.

Жо Байден 2021-жылы кызматка киришкенден бери рекорддук сандагы иммигранттар АКШ-Мексика чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү тууралуу маалыматтар бар, алардын көбү алыскы өлкөлөрдүн жарандары.

Республикачылар Байден экс-президент Дональд Трамптын катаал саясатын жеңилдетип, мыйзамсыз иммиграцияга жол ачканын белгилешет. Байдендин администрациясы муну президент көбүрөөк гумандуу саясат жүргүзүп жатканы менен негиздешет.

АКШнын кургактыкта эки кошунасы бар: Мексика жана Канада. Борбор азиялыктар, жалпысынан постсоветтик өлкөлөрдүн жарандары АКШга визасыз кирүү үчүн Мексиканы тандашат.

Кыргызстандан дагы АКШга Түштүк Америкадагы Мексика, Боливия, Эквадор сыяктуу мамлекеттери аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандар көп. Ар кандай маалыматтарга караганда, Тихуанадагы АКШ менен Мексиканын ортосундагы өткөрмө бекеттин жанында кезек күткөн жүздөгөн кыргыздар бар. Алардын арасында Орусиянын жарандыгын алгандар да арбын.

Дагы караңыз

Путин: Пригожиндин учагында өлгөндөрдүн денесинен граната сыныгы чыктыУКМК: Таласта Көлбаевдин тобунун "Тайсон" аттуу мүчөсү кармалды "Жунда" заводун жаңылоо үчүн Кытайдан жумушчу топ келдиКыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл кирдиТашиев Кыргызстанда мындан ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтты