УКМК: Таласта Көлбаевдин тобунун "Тайсон" аттуу мүчөсү кармалды

Талас шаары. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Талас облусунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун "Тайсон" деген каймана ат менен белгилүү С.М.Ж. аттуу мүчөсү акча талап кылууга шек саналып кармалганын кабарлады. Атайын кызматтын билдиришинче, ал Талас шаарында кримчөйрөдөгү "смотрящий" деген макамды алып жүргөн.

"Кылмышка шектүү автомектептин окутуучусу А.Б.Аны ага каршы компромат маалыматтарды укук коргоо органдарына берерин айтып коркутуп, кысым көрсөтүп, анда 70 миң сом талап кылган. Ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында опузалап талап кылынган сумманын бир бөлүгүн, 30 миң сомун алып жаткан маалда кармалды. Ал Талас облустук ички иштер башкармалыгын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка шектүүнү тинтүү маалында салмагы 20 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат (кара куурай) табылды. Бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо уланып жатат",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топторуна эскертүү берген. Ал 5-октябрда Токмок шаарында атайын кызматтын оңдолуп, жаңыланган имаратын ачып жатып, өлкөдө мындан "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын билдирген.

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Атайын Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдаган.

Көлбаевдин аты акыркы жолу Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун уулунун тоюнан кийин аталган. Kaktus.media басылмасы жеке булактарына шилтеме берип, быйыл 17-сентябрда Акматбек Келдибеков борбордогу тойканалардын биринде уулун үйлөнткөнүн, ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Камчыбек Көлбаев баштаган адамдар катышканын жазган.

Тойдон кийин Келдибеков, Көлбаев, Матраимов жана тойго катышкан дагы бир чиновник УКМКга суракка барганын "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдирген.

Келдибеков 4-октябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде мындай маалыматты четке какты. Анын уулунун тоюна баргандар суракка алынганы тууралуу УКМК да комментарий бере элек.

Райымбек Матраимов 4-октябрдын кечинде УКМКда сурак бергени тууралуу маалымат тараган. Азырынча расмий органдар комментарий бере элек.

Дагы караңыз

"Жунда" заводун жаңылоо үчүн Кытайдан жумушчу топ келдиКыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл кирди"Кыргыз геология" ишканасына 2024-жылы бир миллиард сом бөлүнөт Ташиев Кыргызстанда мындан ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтты