2030-жылы дүйнөлүк футбол чемпионаты үч мамлекетте өтөт

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) 2030-жылы дүйнөлүк футбол чемпионаты үч мамлекетте өтө турганын жарыялады. Кошуна өлкөлөр - Испания, Португалия жана Марокко чемпионатты чогуу өткөрүүгө арыз беришкен.

Ошол эле учурда мелдештин ачылышы Латын Америкасында болуп, алгачкы үч беттеш Уругвайда, Аргентинада жана Парагвайда өтөт. Муну менен FIFA 1930-жылы Уругвайдын борбору Монтевидеодо өткөн биринчи чемпионаттын жүз жылдыгын белгилейт.

Уюмдун президенти Жанни Инфантино юбилейлик чемпионатты үч континенттеги алты өлкөдө - Европа, Африка жана Латын Америкасында өткөрүүнү "бүткүл дүйнөнү бул окуянын айланасына бириктирүү" катары сыпаттады.

Чемпионат 2030-жылдын июнь-июль айларында өтөт. Ага катышкан 48 өлкөнүн командалары 104 беттеште күч сынашат.

"Азаттыктан" подкаст угуңуз

Балдар үйүнөн кийинки оор турмушАжырашкандан кийин аялды аңдыба“Tazar” Кыргызстанды тазарткысы келет"Дүйнө - идиш, а биз - шарап..." Вино жөнүндө сүйлөшөбүзКөйгөйүн простатитке шылтаган эркектер