Германиянын Гамбург шаарында Маалыматтык технологияларга арналган Европадагы алгачкы кыргызча конференция өтөт. Дүйнөлүк IT жана технология, билим берүү эксперттери жаңылыктарды бөлүшүп, чет элдик адистердин айткандары кыргызча котормо менен сунушталат. IT тармагындагы тенденциялар талкууланып, жаңы ойлор жана мыкты идеяларды жайылтууга аянтча берилмекчи.
"Кыргыз-Немис IT" уюму 7-8-октябрда уюштуруп жаткан иш-чара "IT. Билим. Келечек" деп аталат. Ага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, Кыргызстандагы алгачкы эксперменталдык гимназияны түптөгөн Гапыр Мадаминов, Билим берүү жана илим министрлигинин, "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун өкүлдөрү да катышат.
Уюштуруучулар "Азаттыкка" кабарлашкандай, конференция төмөнкү максаттарды көздөйт:
• жаш муундарга IT тармагына багыт, дем берүү, илим-билим жолунда өз ордун табууга шыктандыруу;
• дүйнөлүк цивилизацияга, коомду өнүктүрүүгө салым кошуу.
Агартуучулук багытында "Кыргыз-Немис IT" уюму учурда Европада жаштардын миграциясы агымы күч алганын белгилеп, жаш муунга IT багытына жол көрсөтүү зарылдыгы жаралганын белгилейт. Уюм коммерциялык максатты көздөбөй турганын маалымдады.
Конференция Instagram түйүнүндөгү @kyrgyzgerman_it баракчасында чагылдырылат.
Дагы караңыз
Кыргызстан космосту өздөштүрүүгө катышкан эле"Санарип көчмөндөр": Кыргызстан IT-адистерге шарт түзө алабы?Мектеп, мугалим жана окутуу сапаты: бүгүн өзгөрбөсө, эртең кеч"Билим алуунун эрте-кечи жок". ITни ардагер курагында окуган Нурийла "Башталгыч IT адиси жылына 180 миң доллар табат"