Тажикстанда "Группа 24" кыймылынын мурдагы активисти 8,5 жылга соттолду

Низомиддин Насриддинов.

Дүйшөмбүнүн Сомони райондук соту өлкөдө тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын мурдагы активисти Низомиддин Насриддиновду 8,5 жылга эркинен ажыратты.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин "Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакырык жасоо" беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Өзү күнөөнү моюнга албай, президент Эмомали Рахмонду сындаганы үчүн камалып жатканын айтты.

Низомиддин Насриддинов 2015-жылдан бери Германияда жашаган. Берлин ага жана үй-бүлөсүнө башпаанек берген. Насриддинов быйыл январдын башында тажик бийлигинин өтүнүчү менен Беларустун чек арасында кармалган. Расмий Минск эл аралык укук коргоо уюмдарынын чакырыгына карабастан, аны июлда Дүйшөмбүгө өткөрүп берген.

Сентябрда төрт эл аралык уюм – Норвегия-Хельсинки комитети, Human Rights Watch, Freedom For Eurasia жана Freedom Now Тажикстандын бийлигинен Насриддиновго тагылган айыптарды алууну жана аны эркиндикке чыгарууну талап кылышкан.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 2-октябрда Варшавада башталган адамдын өнүгүүсүнө арналган жыйынында АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Майкл Козак Тажикстанда жарандык коомго кысым болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Дагы караңыз

"Кыргыз геология" ишканасына 2024-жылы бир миллиард сом бөлүнөт Bloomberg: Стамбулда Украина боюнча үчүнчү эл аралык жолугушуу өтөтКыргыз-казак чек арасындагы үч бекетте 500дөн ашык фура топтолду Ташиев Кыргызстанда мындан ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтты