Bloomberg: Стамбулда Украина боюнча үчүнчү эл аралык жолугушуу өтөт

Киевдеги "Мекен эне" монументи Украинанын желегинин элеси менен жарыктандырылган учуру.

Жыл соңунда Стамбул шаарында Украинада тынчтыкка жетишүү боюнча үчүнчү эл аралык жолугушуу өтөт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, жолугушууга АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери да катышары күтүлүүдө. Уюштуруучулар ага Кытайдын да катышуусуна кызыкдар, бирок азырынча Бээжин өз өкүлүн жибереби, жокпу белгисиз.

Орусия буга чейин Данияда жана Сауд Арабиясында өткөн мындай жолугушуулар сыяктуу эле бул жолкусунда да чакырылган жок. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиядагы жолугушууну "антиорусиялык коалиция чогултуу аракети" деп атаган.

Украина менен анын союздаштары Орусиянын агрессиясына карата нейтралдуу позициясын сактап келаткан өлкөлөрдү Москвага каршы чыгууга көндүрүүгө аракет кылууда.

Стамбулда өтө турган сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде украин президенти Владимир Зеленскийдин "тынчтыктын формуласы" деген аталыш менен белгилүү он пункттан турган планы бар.

Украина бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саммит өткөрүп, өз талаптарынын негизинде биргелешкен тынчтык демилгесин түзүүгө ниеттенип жатат.

Дагы караңыз

Ташиев Кыргызстанда мындан ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтты "Алтуха" аттуу кримтоптун мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты Мирзиёев АКШ менен Германиядагы сапарынан кийин Москвага баратМинистр Максүтов спектакль жөнүндө талаш-талкууларга комментарий берди