Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттерде 569 жүк ташуучу машине кезекте турат.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын 5-октябрь, саат 14:00гө карата маалыматы боюнча 395 автоунаа "Ак-Тилек" бекетинде, 121и "Кең-Булуң" бекетинде, 53ү Чалдыбар бекетинде Казакстанга өтө албай кезек күтүүдө.
Мекемеден “Азаттыкка” кабарлашкандай, эки мамлекеттин тең чек ара бекеттери штаттык негизде иштеп жатат. Тыгындын пайда болушуна ташылып бараткан жүктөрдүн көлөмү көбөйгөнү себеп болду. Эки тараптан тең эч кандай чектөө жок.
Казак тараптан кезек күтүү тууралуу расмий маалымат боло элек.
Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.
Эки өлкө экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө.(ZKo)
Дагы караңыз
Ташиев Кыргызстанда мындан ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтты "Алтуха" аттуу кримтоптун мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты Мирзиёев АКШ менен Германиядагы сапарынан кийин Москвага баратКозак Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалына тынчсыздандыБерлин мыйзамсыз миграцияга каршы алты өлкө менен келишим түзөт