Берлин мыйзамсыз миграцияга каршы алты өлкө менен келишим түзөт

Германиянын өкмөтү мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Молдова, Кения жана Колумбия менен келишим түзөт.

Deutsche Welle Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып кабарлагандай, Федералдык өкмөт бул өлкөлөр менен “миграция өнөктөштүгү” деп аталган келишим боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Документте Германияда мыйзамсыз иштеген мигранттарды мекенине тез арада кайтаруу маселеси да камтылган. Ички иштер министрлиги муну Германияга мыйзамдуу жол менен келип иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү деп сыпаттады

Маалыматта Борбор Азиядагы эки мамлекет сүйлөшүүлөр бир топ алдыга жылганы белгиленген. Майдын башында Өзбекстан менен, сентябрдын аягында Кыргызстан менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Deutsche Welle ырастагандай, Германиядан башпаанек сурагандардын 10% Грузия менен Молдова жарандары түзгөндүктөн, Берлин бул эки өлкөгө өзгөчө көңүл бурмакчы.

Кыргызстандыктарды Европада ишке орноштуруу боюнча быйыл августта эки тараптуу меморандумга кол коюлганы кабарланган. Ал Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин демилгеси менен ишке ашкан.