Борбор калаадагы көчөлөрдүн, аянттардын, парктардын жана бульварлардын аталышын өзгөртүүгө он жылга чейинки мораторий киргизилди. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңеши бүгүн, 5-октябрдагы отурумунда кабыл алды. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы ырастады.
Ага ылайык, шаардык кеңештин депутаттары бул тууралуу токтом долбоорун талкуусуз кабыл алышты.
Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын, көчөлөрдүн, аянттардын, парктардын жана бульварлардын аталышын өзгөртүүгө он жыл мурун, 2013-жылы ошол кездеги шаардык кеңеш мораторий жарыялаган. Бул жолу токтом дагы он жылга узартылды.
Борбор калаадагы райондордун аталыштарын өзгөртүү сунушу буга чейин бир нече ирет көтөрүлгөн. Былтыр Бишкек шаар кеңешинин депутаты Таалайбек Усубалиев төрт райондун аталышы эскиргенин айтып, өзгөртүүнү сунуштаган.
Кийинчерээк Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев ушундай эле сунушун Элдик курултайда киргизген. Төраганын сунушуна Москва дароо реакция жасап, Мамлекеттик Думанын депутаттары Кыргызстанда "орус тилин кодулоо болуп жатат" деп айтып чыккан.(ZKo)