УКМК Көлбаев боюнча операцияны Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө байланыштырды

Камчыбек Көлбаев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдады. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Атайын кызмат 4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектеги кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынганын ырастады. Маалыматка ылайык, Бишкектеги Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн. Анын жүрүшүндө Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, операцияга көп сандаган күч кызматкерлери жана чопкутталган автоунаалар тартылган.

“Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанылган Чыңгыз Жумагулов былтыр 30-июлда Бишкектеги №1 тергөө абагындагы камерада бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиледен улам өлтүргөнүн маалымдаган. УКМК Жумагуловду 2022-жылы 15-июлда опузалап акча талап кылган деген негизде кармаган. Биринчи Май райондук соту аны тергөө абагына камаган.

2020-жылы октябрь айында УКМК “мыйзамдагы ууру” атыккан Камчы Көлбаевди кармаган. Ага “кылмыштуу топ түзүү” беренеси менен айып коюлган. Кримтөбөл төрт айдан кийин тилкат менен абактан чыккан. Ошол учурда атайын кызмат 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген. УКМК калган акчаны өндүрүү улантыларын маалымдаган.

Быйыл август айында Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) "уюшкан кылмыштуу топ түзүү” беренеси менен козголгон кылмыш иши токтотулганы тууралуу маалыматтар чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга байланыштуу комментарий берген эмес. Ошондон бери кылмыш иши жөнүндө маалымат чыга элек болчу.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында криминалдын башчыларына кайрылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган.

Көлбаев 2008-жылы Москвада "мыйзамдагы ууру" макамын алганы айтылып жүрөт. Аны АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Андан кийин, 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 млн доллар сыйлык жарыялаган. 2017-жылы аны "кара тизмеге" киргизген.

2012-жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы чыккан.

Ички иштер министрлигинин буга чейинки маалыматтарында айтылгандай, Кыргызстанда Камчыбек Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн уюшкан кылмыштуу үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган. (ErN)