Баткенде журналисттер психологиялык жардам боюнча окуудан өттү

Баткендеги журналисттерди окутуу учуру. 04-октябрь, 2023-жыл

4-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргоо адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору, “Чек арасыз дарыгерлер” (Médecins Sans Frontières, MSF) уюму менен биргеликте Баткен облусунун журналисттери үчүн алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын окутуу өткөрдү.

Окутуу Баткен облусундагы журналисттердин психологиялык абалын жакшыртууга багытталган.

“Журналисттер маалыматты жайылтууда маанилүү ролду ойношот. Кризис болгон учурларда маалымат берип жүрүп журналисттер өздөрү чоң стресске дуушар болушат. Бул тренинг алардын туруктуулугун жана стресс менен күрөшүү жөндөмдүүлүгүн бекемдөөнү көздөйт, - дейт демилгечилер.

“Чек арасыз дарыгерлер” уюму Улуттук тарых музейинде "Чек арада" аттуу фотокөргөзмөсүн өткөрүүдө. Иш-чара Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын күнүмдүк турмушун, алардын кубанычтуу жана кайгылуу көз ирмемдерин, ошондой эле оор кырдаалдардагы эмоциялык абалдан чыгууга жардам берген күнүмдүк ырым-жырымдарды чагылдырат. Фотокөргөзмөнүн башкы каармандары - Максат айылынан чыккан үч көрүнүктүү айым.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө элек болгондуктан, ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет. 2021-жылы апрель айындагы жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылдын сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген. (JsA)

Дагы караңыз

Бишкек: Атайын операцияда Камчы Көлбаев жок кылынды Акылбек Жапаров: "Газпром" газ менен мунай өндүрүүнү сунуштап жататНаночекиттерди ачкан америкалык химиктер Нобел сыйлыгын алышты