Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун Берлиндеги сапары учурунда нааразылык акциясын уюштурган активисттердин жакындарын кармоо уланууда.
Оппозициячыл активист Шохражаб Шохиминин үй-бүлө мүчөлөрү Пенжикент райондук милиция бөлүмүнө жеткирилгени 3-октябрда белгилүү болду.
Буга чейин тажик оппозициясынын Европадагы башка өкүлдөрү да туугандары суракка алынганын билдиришкен. Тажикстанда тыюу салынган “Группа 24түн” ырастоосунда, коопсуздук күчтөрү топтун онго жакын мүчөсүнүн туугандарын кармап кеткен. Айрымдары сурактан кийин бошотулган.
Оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирген Тажикстандын Улуттук альянсы бийликтин бул аракетин “эл аралык кылмыш жана адам уурдоо” деп атаган.
29-сентябрда Эмомали Рахмон Берлиндеги "Германия+Борбор Азия" саммитине катышуу үчүн келгенде, тажик оппозициясынын өкүлдөрү нааразылык акциясын өткөрүп, анын режимине каршы экенин билдиришкен. Президент бараткан автоунаага жумуртка ыргытып, ал канцлердин кеңсесине саммитке келген маалда сыртта плакат көтөрүп турушкан.
Дагы караңыз
Словакия шайлоого байланыштуу Орусияга нааразылык билдирдиЧеченстанда вице-премьерликке Рамзан Кадыровдун кызы сунушталдыБерлин-Дүйшөмбү: Рахмондун сапарынан кийинки кармоолор Германия-Борбор Азия: Интеграция, экономика, адам укуктары Берлин саммитиндеги активисттердин акциясы