Бишкектеги дөңгөлөк кампадагы өрт басаңдай баштады

Бишкектеги дөңгөлөк кампадагы өрт. ӨКМ тараткан сүрөт. 2-октябрь, 2023-жыл

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Широкая көчөсүнүн №5 дарегинде дөңгөлөктөрдөн чыккан өрттү өчүрүү уланып жатат, саат 16да жалын басаңдай баштаганы кабарланды. Бул ишке өрт өчүрүү кызматтарынан беш күжүрмөн топ тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Мындан сырткары өрт чыккан жерде 40тай милиция кызматкери, электр тармагындагы адистерден бир бригада иштеп жатат. Аларга Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун адистери жардам берүүдө. Буга кошумча Бишкек шаардык суу чарба кызматынан эки суу ташыган машина тартылган.
Мунун алдында социалдык тармактардын колдонуучулары "Дордой" базары жакта өрт чыкканын маалымдап, анда кампа өрттөлүшү мүмкүндүгүн жазышкан. Айрымдар өрт чыккан жай жеке үйлөргө жана бала бакчаларга жакын экенин кабарлаган.
Өрт чектөөгө алынганы - өрттүн андан ары өөрчүшүнө жол берилген жок дегенди түшүндүрөт. Акыркы чок өчкөндө гана өрт толук өчтү деп саналат. (ErN)