29-сентябрда Берлиндеги акцияга чыккан тажик оппозициясынын чет жактагы өкүлдөрү алардын Тажикстандагы туугандарын коопсуздук органдарынын өкүлдөрү кармап, суракка алганын билдиришти. Бул тууралуу "Озоди" радиосу жазды.
Оппозиция активисттери Германия+Борбор Азия саммити өтүп жаткан маалда акцияга чыгып, Эмомали Рахмондун режимине каршы ураандарды чакырышып, анын автокербенине жумуртка ыргытышкан.
Европада жашаган активист Шарофиддин Гадоев "Озоди" радиосуна билдиргендей, 1-октябрдын таңында Тажикстандын Хатлон облустук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү 74 жаштагы апасын үйүнөн алып кетишкен.
"Апамдан "балаң эмнеге тынч жүрбөйт, президенттин машинесине эмнеге жумуртка ыргытат?"-деп сураган дейт Гадоев.
Дагы бир активист Фарход Одинаев Гиссар калаасындагы жээнин полиция алып кеткенин айткан.
Жалпысынанан Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" оппозициялык уюмунун Берлиндеги акцияга катышкан кеминде беш өкүлүнүн туугандары Тажикстанда кармалганын кабарланды.
Тажикстандын бийлиги оппозициячыл активисттердин акциясы жана алардын жакындарынын кармалышы тууралуу адаттагыдай үн каткан жок.
Соңку жылдары Европада жашаган оппозиция өкүлдөрү алардын Тажикстандагы туугандары басымга кабылганын айтып келишет. Укук коргоо уюмдары расмий Дүйшөмбүнү оппозициячыл активисттердин үй-бүлө мүчөлөрүн "башкача ой жүгүрткөндөрүн оозун жаап, коркутуп-үркүтүү үчүн алардын туугандарын туткун катары колдонууну" токтотууга бир нече ирет чакырган.
Дагы караңыз
Түркия Ирактын түндүгүндөгү күрд козголоңчуларына абадан сокку урдуБазарбеков судьяларга коррупциядан оолак болууну эскерткенин айттыЮрист: Ногойбаевага убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес