Базарбеков судьяларга коррупциядан оолак болууну эскерткенин айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Бишкек шаардык соту менен Бишкектин Ленин райондук сотунун судьялары кармалган окуя тууралуу комментарий берди. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде судьяларды коррупциядан оолак болууну эки ирет эскерткенин, сот тармагы "ыплас, кылмышкер судьялардан" арылышы керектигин билдирди.

"Мен ушул жылдын 26-августунда кайталап, экинчи жолу сотторго "таза болгула, адилеттүү, акыйкат чечим чыгаргыла" деп эскертүү бергем. Буга коомчулукта туура эмес пикир айткандар болду. "Жогорку Соттун төрагасы судьялардын алдында жалдырап жатат, сотторду башкара албай калды" дегендер да болду. Бул андай эмес. Мен аларга жалдырагандай, чөгөлөгөндөй адам эмесмин. Тескерисинче, биз ошондой ыплас, кылмышкер соттор менен күрөшүп жатабыз. Биздин эскерткенибизге карабай судьялар кармалды",- деди Базарбеков.

Өткөн аптада Судьялар кеңеши Бишкек шаардык соту менен Бишкектин Ленин райондук сотунун судьяларын (И.Н.А жана К.Н.Т.) кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкек шаардык сотунун судьясына Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү”, “Пара алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясына “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” беренелери менен иш ачылган.

Судьялар кеңеши президент Садыр Жапаровго аларды кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы (И.Н.А.) опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалганын билдирген.

Мекеменин маалыматында шаардык соттун айрым судьялары оң чечим чыгарып берүү үчүн адвокаттын ортомчулугу менен соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң доллар (443 500 сом) өндүрүп алышканы аныкталганы кабарланган. Кармалган судья Бишкек шаардык сотунун судьясы Илиязова Назгүл Асанбековна экени айтылган. Атайын кызмат тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет. Ал 27-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары экинчи судья Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич экенин жазышкан.

Судьялар кеңеши 22-сентябрдагы жыйынында бир катар соттордун ишин карап, айрымдарын тартип жазага тартылганын билдирген. Анын ичинде Башкы прокуратуранын Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун мурдагы судьясы Ниматилла Каримбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушуна макулдук берилген. Бир катар судьяларга сөгүш жана эскертүүлөр берилгени кабарланган.

Дагы караңыз

Селекциядагы зомбулук: Базарбеков пробация колдонгон судьяны сындадыӨзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүү системаларын текшерет Бишкек мэриясы сары тилкелерде эко-таксилер каттай баштаганын билдирди Садыр Жапаров тарыхый инсандарды даңазалоого мезгил жеткенин айтты Түркия Ирактын түндүгүндөгү күрд козголоңчуларына абадан сокку урдуБайден Конгрессти Украинага жардам берүүдө мунасага келүүгө чакырды Ошто 12 жаштагы бала кутурмадан каза болду Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсия жогорулайт