Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Киевге чогулду

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель. Киев, 1-октябрь, 2023-жыл.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери 2-октябрда Украинанын баш калаасы Киевге чогулду. Шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жолугушууну "тарыхый" деп мүнөздөштү.

"Биз Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин тарыхый жолугушуусун бул жакта, Украинада, талапкер өлкөдө жана Евробиримдиктин болочоктогу мүчө мамлекетинде уюштурдук",- деп жазды Боррел X социалдык түйүнүнө.

Кулеба дагы жолугушууну кубаттап, иш-чара блоктун "келечектеги чек арасында" өтүп жактанын билдирди.

Украина Евробиримдикке талапкер макамын былтыр июнь айында алган. Андан бир нече ай мурда Орусия Украинага негизсиз кол салган. Киевдин 27 мүчө мамлекеттен турган шаркетке кошулуу жараяны бир канча жылга созулары күтүлүүдө.

Боррел буга чейин Евробиримдик жалпы 85 миллиард евролук жардам көрсөткөнүн, анын 25 миллиарды аскердик жардам экенин Киевдеги маалымат жыйында билдирген.

Боррел Одесса менен Киевге барып, Украинанын жаңы коргоо министри Рустем Умеров менен да жолукту.

Дагы караңыз

Кочкордо Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленип жататӨзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүү системаларын текшерет Бишкек мэриясы сары тилкелерде эко-таксилер каттай баштаганын билдирди Садыр Жапаров тарыхый инсандарды даңазалоого мезгил жеткенин айтты