Тоолуу Карабактан Арменияга качкандардын саны 100 миңден ашты

Тоолуу Карабактан кетип жаткан армяндар.

Жикчил Тоолуу Карабакты таштап Арменияга качкан армян тектүү жарандардын саны 100 миң 500гө жакындады. Бул тууралуу 30-сентябрда армян өкмөтү кабарлады. Расмий маалыматта алардын ичинен 45 миңден көбү мамлекеттик турак жай менен камсыз болгону айтылат.

Жыл башындагы маалыматка караганда, Тоолуу Карабакта 120 миңге жакын адам жашап жаткан.

Аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эл аралык сотуна Бакуга каршы арыз жолдоду. Азери бийлиги буга комментарий бере элек.

28-сентябрда эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян "Тоолуу Карабак республикасы" деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январында жоюу тууралуу буйрукка кол койгон.

Тоолуу Карабактан агылган качкындар үчүн аймакты Армения байланыштырган Лачын коридорунун жанында гуманитардык борбор ачылган.

Дагы караңыз

"Алтын медаль талыкпаган эмгектин арты менен келди" Ногойбаева зөөкүр экс-күйөөсү жөнүндө бир нече жолу арызданганын айттыСловакиядагы шайлоодо орусиячыл Роберт Фицонун партиясы жеңди