ӨКМ машыгуу маалында сиреналар катуу жаңырарын эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин белгиси.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-октябрда машыгуу маалында Бишкек жана Ош шаарларында, облустар менен район борборлорунда сиреналар кыска мөөнөткө катуу жаңырарын билдирди. Мындан улам жарандарга кайрылып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

"3-октябрда саат 10дон 11ге чейинки аралыкта беш мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт. Андыктан жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз. Бул машыгуу! Машыгуунун максаты - өзгөчө кырдаалдар катталган учурда адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу. Иш-чара 5-октябрь – Кыргызстандагы кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулат", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанда жыл сайын 400дөй табигый кырсык катталарын билдирген.

Дагы караңыз

Тоолуу Карабактан качкандар 100 миңге чамаладыБишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрттө үч жашар бала чарчап калдыПрезиденттин кеңешчиси тууну өзгөртүүнү колдой турганын билдирди