Кыргызстан 50 миллион долларлык доо боюнча Гаага шаарындагы арбитраждык териштирүүнү утуп алды. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.
Министрликтин кабарлашынча, казак компаниясы Кыргызстанга каршы арбитраждык териштирүүгө арыз берген. Арыздануучу Таш-Көмүр шаарындагы ферросплав (темир эритиндисин даярдаган) заводун куруу долбоорунда эл аралык келишимдер жана “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамы бузулган деген жүйө менен Кыргызстанга 50 млн доллар доо койгон.
2021-2023-жылдары тараптар Арбитраждык трибуналга чыр боюнча тийиштүү позицияларын жана аргумент материалдарын жөнөтүшкөн. Акыркы угуу 2023-жылдын апрель айында бүткөн.
Министрликтин маалыматында, 28-сентябрда трибуналдын курамы Кыргызстан өзүнүн милдеттенмелерин бузган эмес деген чечим чыгарды. Башкача айтканда, арызданган компанияны чыгымга учуратуучу мыйзам бузуу табылган эмес. Компаниянын доо арызы толук чектке кагылды.
Арыздануучуга Туруктуу арбитраж сотунун (Hague Permanent Court of Arbitration) арбитр курманын сый акысын жана административдик чыгымдарын төлөө милдеттендирилди.
Юстиция министрлиги казакстандык компаниянын атын жана Таш-Көмүрдөгү кайсы долбоор экенин айткан жок.
Интернеттеги маалыматтарга ылайык, 2013-жылы өкмөт POSCO деп аталган компания Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында ферросплав заводун кураарын билдирген. Андагы маалымат боюнча алгач айына 800 тонна темир кошундусун чыгарып, завод толук ишке киргенде өндүрүлгөн продукция 65 миң тоннага жетери айтылган. (TSh)
Дагы караңыз
БУУ Кыргызстанды балдар үчүн мектепте шарт түзүүгө чакырды