Орусиянын армиясы Украинанын Николаев облусун аткылады

Украинанын Херсон облусунда Орусиянын армиясынын соккусунан жабыркаган үйдөгү өрттү өчүрүп жатышат. 13-август, 2023-жыл.

Орусиянын армиясы 29-сентябрга караган түнү Украинанын Николаев шаарын аткылады. Калаанын четиндеги инфраструктура объектиси жабыркаганын Николаев облусунун аскердик администрациясынын башчысы Виталий Ким билдирди. Жаракат алгандар, набыт болгондор тууралуу маалымат чыккан жок.

28-сентябрдын кечинде Орусиянын армиясы Херсонго жасаган аба чабуулунан үч карапайым тургун мүрт кетти. Ошол эле күнү Украинанын Сумы облусуна отуздан ашуун чабуул коюлганын жергиликтүү бийлик билдирди.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги 29-сентябрга караган түнү өлкө аймагында 11 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, алардын бири Калуга облусунда, калган ону Курск облусунда абадан жок кылынды. Курск облусунун губернатору Роман Старовойт билдиргендей, чабуулдан улам беш калктуу конуш жарыксыз калды.

Орусиянын бийлиги дрон чабуулдарын Украинадан көрүп келет, Киев Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт.

«Украинская правда» басылмасы Курскидеги электрподстанцияга "дрон менен жасалган чабуул" делген видеону жарыялады.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров Бишкекке кайтып келдиАкыйкатчынын Жалал-Абаддагы жолугушуусунда Сузактагы көйгөйлөр көп айтылдыБишкекте митингдерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узарды